www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустук инфекция пандемиясынын шартында аймактардагы балдардын жана жаштардын билим алуу жана саламаттыгын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагын өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди. 

Ал сынактын Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ишке ашырылып жатканы да символикалык мааниге ээ экендигин белгиледи.

«Бул демилге жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү гана көрө билүүгө мүмкүнчүлүк бербестен, өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарын жана кызыкчылыктарын да эске алат. Анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, Баланын укуктары жөнүндө конвенция жана башка эл аралык макулдашууларда Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарууда жергиликтүү стратегиялар жана программалар менен байланыштырууга шарттарды түзөт. Бул демилгенин башка программа жана стратегиялардан айырмасы – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдарга жана жаштарга багытталган  чечимдерди кабыл алууда, жаштардын милдетүү түрдө катышуусу болуп саналат», - деди Эльвира Сурабалдиева. 

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын Концепциясынын негизинде аймактарда билим берүү, саламаттык сактоо, балдарды коргоо, спорт тармагындагы программалары дагы ишке ашырылат.

«Ошондуктан,  «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорун балдардын жана жаштардын демилгелерин колдоо программасы катары карасак болот. Сынактын баалоо индикаторлору катары жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусу, жаштардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, коопсуздук маселелери, билим берүү, Саламаттыкты сактоо жана турмуштук оор жагдайда турган үй-бүлөлөргө жардам берүү саналат. Пандемия шартында билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелери өтө маанилүү болуп эсептелет», - деди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева. 

Маалымдама: 

Сынак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен өткөрүлүп, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги  Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөө институту, БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана коомдук уюмдар менен биргеликте өткөрүүдө. Сынакка өлкөнүн 18 шаары катышууда.

Сынактын байге фонду: 

1-орун – 3 млн сом;

2-орун – 2 млн сом;

3-орун – 1 млн сом.

Ошондой эле жыйынтык баалоо боюнча эң жогорку упай топтогон 10 шаарга «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» наамы берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости