www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна эки партиянын үгүт иштерин жүргүзүп жаткан университеттин окутуучусу жөнүндө маалымат келип түштү. Бул тууралуу БШК билдирет.

Маалым болгондой, координациялык топтун мүчөлөрүнө WhatsApp мессенджери аркылуу 6-кичи райондун тургуну К.Эрназаровадан билдирүү келген. Ал университеттин мугалими, борбор калаадагы 6-кичирайондо жашаган Гүлкайыр аттуу аял тургундар арасында үгүт иштерин активдүү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, ал “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын колдоочуларынын тизмесине кол коюуну суранып, партия өз каражатынын эсебинен үйдө оңдоо иштерин жүргүзүп, жашоочулардын жашоо шартын жакшыртат деп убада кылууда.

Эгерде жашоочулар андан бири баш тартса, анда ал “Кыргызстан” партиясы үйдүн аймагына видеобайкоочу камераларды акысыз орнотууга даяр экенин айтып, үгүт иштерин баштайт.

Арыз ээси ушул жол менен аталган партиялар шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылып жатышат деп белгилейт.

Маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлүп, тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости