www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия, АКШ, Франциянын президенттери Владимир Путин, Дональд Трамп жана Эммануэль Макрон Тоолуу Карабахтагы кырдаал боюнча бирдиктүү билдирүү даярдашты. Анын тексти Кремлдин сайтына жарыяланды.
Ал эми билдирүү даярдалып жатканы боюнча россиялык лидер Коопсуздук кеңешинин туруктуу өкүлдөрү менен өткөн жыйында айткан.
Ал документте мамлекет башчылары аймактагы эскалацияны сындап, ок атууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жандантуу талабын коюшканы жазылган. Ошондой эле президенттер көз жумгандардын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтышкан.
Эскерте кетсек, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялагандан соң, Азербайжан да өз өлкөсүнө аскердик абал киргизген.
Баку менен Ереван абалдын курчуп кетишине бири-бирин күнөөлөп жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги аймакка биринчи армян тарап сокку урганын билдирсе, Армения Карабахты Азербайжан абадан ракеталар менен аткылаганын билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.
Булак: NazarNews.kg