www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана алардын шайлоо дарегин өзгөртүү максатында паспортторун чогултуу фактылары боюнча даттануулар түшүп жатат. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп алып, алардын шайлоо дарегин мажбурлап которуу аракетине чара көрүлөт.

"Азыркы кезде жер-жерлерден жарандардын паспортторун чогултуп, "Форма2" толтурткан маалыматтар түшүп жатат. Эч бир жарандын паспортун башка бирөө алып, колдонуусуна жана чогултуп алуусуна уруксат жок. Андай учурларда аймактык шайлоо комиссиясына же укук коргоо органдарына кайрылсаңыздар болот".

Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын кошумча тизмелерин түзүүгө тыюу салынган. Кошумча шайлоо тилкелерин ачууга андагы шайлоочулардын саны 2,5 миң адамдан ашып кетсе гана уруксат берилет деген ченем киргизилген.

Белгилей кетсек, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости