www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Facebook тармагынын жетекчилигине жымжырттык күнү саясый жарнаманы өчүрүү сунушун киргизди. Бул тууралуу аталган  мекемеден кабарлашты.

Боршайкомдун маалыматка ылайык, БШК менен Facebook өкүлчүлүгү ПРООНдун кеңсесинде жолукту.

Социалдык тармактын өкүлдөрү өздөрүнүн саясатчылардын өздүгүн аныктоо боюнча талаптарын айтып беришти.

«Саясый реклама рекламалардын жарнамасына кошулат. Аны www.facebook.com/ads/library/report дарегинен тапса болот. Өйдө жагында Кыргызстанды тандоо керек. Кыргызстан боюнча китепканада азыр 879 жарнама бар. Аларга жалпысынан 3 миң 737 долллар сарпталды», — деп айтылат билдирмеде.

БКШ жырмжырттык күнү саясый жарнаманы бир күн өчүрүүнү сунуштады. Facebook өкүлдөрү мындай эреже азырынча АКШда гана колдонорун, бирок, Кыргызстан расмий жөнөткөн сунушту карап көрүүгө даяр экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. 3-октябрда үгүт токтоп, жымжырттык күнү болот. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда

Булак: NazarNews.kg

Последние новости