www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илон Масктын 72 жаштагы апасы Мэй Маск: “Мен бала кезде үй-бүлөм абдан авантюрист болчу” деди. Анын баяндоосуна ылайык, Илон Масктын ийгилиги үй-бүлөдөгү тарбия, ой-жүгүртүүлөр менен тыгыз байланышта. Бул тууралуу indyturk.com сайты жазган маалыматты кыргызчаладык.

«CNBC» (Си-эн-би-си) каналына маек берген Мэй Маск "Түштүк Африкада чоңоюп, муну менен катар атасы Джошуа Норман Халдемандын Калахари чөлүндө жоголгон шаар издегенин" айтты. “Элестетип көрсөңөр. Бул деген акылга сыйбаган нерсе да. Бирок авантюрист болушчу, чөлдү кыдырат элек”.

Мэйдин айтуусу боюнча Халдеман үй-бүлөсүн 10 жыл бою ар июль айында жоголгон шаарды издөө үчүн саякатка алып чыкчу.

Калахари чөлүндөгү жоголгон шаар (Lost City) уламышы 19-кылымдын аяк ченинде башталган. Канадалык авантюрист Гильермо Фарини чөлдө белгилүү убакытка саякаттап, кийин саякаты тууралуу китеп жазат. Ал китепте Калахари чөлүндө жоголуп кеткен бир шаар тууралуу баяндайт.

Байкашыбызча, Масктын атасы да бул уламышка абдан ишенген. 5 балалуу үй-бүлөсү менен ар жыл сайын жандарына бир нече өлчөмдө суу, карта жана компас алып, жолго чыгышчу.

“Үч жумада чөлдү басып өтөбүз” деген Масктын атасы, эгер бул аралыкта кайтпаса артынан издеп келишин чалгынчыларга эскертчү.

Мэйдин айткандарына караганда үй-бүлө күндүз саякатка чыгып, кечкисин жерде уктап, ар кандай кыйынчылыктарды баштан өткөргөн. Булар башта абдан кооптуу көрүнгөнү менен көз карандысыз балалыктын маанисин баса белгилейт.

“Биз абдан эркин чоңойдук. Авантюрист болуп, түрдүү жаңы нерселерди кылып көрүү керектигин үйрөндүк. Атам дайыма: “Кооптуу, бирок этияттык менен жаша” дечү. Ийгиликтүү бала тарбиялоо үчүн эң керектүү сапат: аларды эч кимге көз карандысыз эркин кылуу. Тим койгула, өз жолун өздөрү табышсын".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости