www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик шайлоонун дүбүртү дубан жара баштады. Албетте, азыр толук баа бергенде болбойт, анткени мүнөт сайын өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошондой болсо да шайлоого саресеп салып көрөлү.
Жетинчи чакырылыштагы парламентик шайлоодо жаңы партиялар катуу дүбүрт менен чыгышып, эски, саясаттын май-талканын жеп, такымы куурап бараткан партияларга тушамыш салып койгонсуп, илең-салаң чыга баштады. Дүбүртү менен топту жарган партиянын башында “Мекеним Кыргызстан” келатат. Пайызын эмес, канча деп алышы мүмкүн болжоп көрөлү. Азыр эле ушул басыгы менен бара бере турган болсо, “Мекеним Кыргызстан” 35-40 депутаттык мандатка ээ болушу мүмкүн. Эгер мындан да чамдаса көбөйүп, тизгинди бошотуп койсо азайып кетиши күтүлөт.
Андан соң таскакты “Биримдик” партиясы катуу уруп келатат. Бул партия өздөрү план менен канча мандатка ээ болгусу келип турганын ким билет, бирок 30-35 мандатка ээ болору бышык. Үчүнчү орунга БШКдан өтө албай соттошуп араң келген “Кыргызстан” партиясы 20 мандаттын тегерегинде жеңишке жетишет. Ушул үч партия парламенттеги 120 мандаттын 80-90 ордуна ээ болушуп, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясын түзүп калышы ыктымал.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg