www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров кайрадан ооруканага жаткырылды.

Душанбедеги «Истиклол» медициналык борборундагы башкармалык бул маалыматты тастыктаган деп жазат Kyrgyztoday.kg

Маалыматка караганда, Мансуржон Умаров 5-сентябрь күнү ичинен кан кетип ооруканага жаткырылган. Учурда анын абалы канааттандыраарлык.

Тажикстан бийлиги мекеме башчысынын ооруканага түшкөнү тууралуу эч кандай  комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, Мансуржон Умаров өткөн айда пневмония менен ооруканага жатып  чыккан болчу.

Аткаминердин бир тууганы Носир Умаров 5-майга караган түнү инфекциялык ооруканада көз жумган. Ал “Барки Точик” энергохолдингинин кызматкери болгон. Насир Умаровдун жакындарынын бири “Озоди” радиосуна ал коронавирус инфекциясын жуктуруп алган болушу мүмкүн экенин айткан. Маркумдун сөөгү туугандарына берилген эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости