www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Нургазы Мусаев: Алтынбек досум

Алтынбек досум "айныды". Биз жакта өзүнө жарашпаган ишти кылган адамды "айнып калыптыр" деп койот. Алтынбекти илгертен спортсмен, чоң муштум, чыр адам катары эл билет. Чын эле ошондой: бала чагынан эле чырбаш болчу, эми такырбашы кошулду. Мурун көчөдө мушташчу, азыр парламентте мушташа калат кээде-кээде. Садыр Жапаровдун маңдайын жара коюп, Шаршенычтан "Алтын бала" деген алкоо уккан жайы бар.

"Текебаев ким өзү?" - деп Өмүкеми "Конституциянын атасы" экенине карабай катуу сүзгөн. Эрдиги бар, эси жок Бектур балбандын парламентте жарылчу бомбасына дал ушул Сулайманов суу куйуп өчүргөн.

Парламентте талкуу катуулап кеткенде калчылдап чыга калат. Депутатттык чырларды күч менен жөнгө салып, тентек эл өкүлдөрүн кынына киргизет.
Анан акыркы учурларда ушу бала айныды. Кызы менен бийлеп атканы бар, Ош базарга барып манты жемейи бар. Артисттерге кошулуп алып, вайнер болуп кетти.

Океан ары жагынан пиарщик жалдаганбы, билбейм. Алтынбектин тубаса, нукура образынан алыс башка "стиляга", "гламурный" образ жаралды. Же парттизмеге кирген сулуулардын тилине кирдиби, эмне балээ...

Алардын айтканы менен боло берсең, 23-февраль күнү музейге трусаңды ил дешет, досум.

Мен баягы эле кайраттуу, күчтүү, бир аз жинди, бирок элге арка бел болгон Алтынбекти көргүм келет.

Жанагы калжаңдаган оюндарыңды ташта, досум. Докем айткандай, бовойт ондой....
Ырысбек Жабиров досуңан өтөөр пиарчы жок. Жабиров "Арзуда" лагман жеп отуруп эле, пиарынды катырып, стилинди окшоштуруп койот. Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат клип болгон "Кыргыз бийин" өзүң каржылап, дал ошол кыргыз жыттанган клип кыргыз элин дүйнөгө жакшы ракурста таанытпады беле?
2000-жылы алюминийпуруш Мамановду кантип элдин уулу, мамлекеттик деңгээлде ойлонгон ишмер кылып элге алып чыгып, шайлоодон эски динозаврларды жеңип чыкканыбыз эсиңде болсо керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости