www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК ички тартиби ким үчүн өзгөртүлдү?

Чамасы, жакын арада БШКда шайлоого калыс оюн айта турган жана жогору жактын буйруктарын аткарбай турган мүчөлөрүн, тымызын кетирмей саясаты башталат окшойт. Бул үчүн, атайын, шашкалактап БШКын ички тартиптери толугу менен өзгөртүлүп жаткан учуру экен.

Регламентке өзгөртүүлөр кабыл алыныптыр, мындай жол менен кимди сүрүп чыгарган жатышат деген суроо өзү менен өзү пайда болот. Мындай “учурлуу” өзгөртүүлөргө себепкер, атагы бийликке кошомат ырлары менен чыккан, балитолог, кадимки эле Бакыт Бекетаев болутур. Ал дежүр, “Апрель” коомдук бирикмесинин атынан БШКга кайрылуу жазат, кайрылууда – “Апрель коомдук бирикмеси, соңку жылдары өлкөбүздө болуп жаткан саясий процесстерди көзөмөлдөп жатат”. “Күзүндө мамлекет башчынын шайлоосу болот, анда дагы биздин коомдук уюм президенттик шайлоону көзөмөлдөйт, андан тышкары ар кандай мамлекеттик органдарды, уюмдарды, коомдук бирикмелердин ишмердүүлүгүн карайбыз. Ошону менен бирге, БШКын ишмердүүлүгүнө көз салабыз”, дейт Бекетаев кайрылуусунда.

БШКын төрайымы Нуржан Шайлдабековага жазган катында, айтып жатат – “БШКын ишмердүүлүгү мыйзам чегинде болуш керек, ал мыйзам 2011 жылы кабыл алынган. Бизге белгилүү болгондой, БШК жогоруда айтылган мыйзамды өнүктүрүү максатында, ички регламенттин жана башка нормативдик-укуктук актыларды кабыл алган. Ошол тартиптер БШКын ишин жөнгө салып турат. Ошону менен бирге, мурун кабыл алынган регламенттин айрым бөлүктөрү 2011 жылы кабыл алынган мыйзамга туура келбейт экен. Ошол себептен, биз сунуш киргизебиз, ыкчам түрдө, шайлоого чейин азыркы регламентти кайрадан карап чыгышыңарды жана аны мыйзамга ылайык кылып калыбына келтирүүнү. Антпесе, шайлоо учурунда тескериче карама-каршылыктар болуп калат”, деп жазыптыр Бакыт Бекетаев. Кайрылуу, 2017 жылдын 28 апрель катталыптыр, анан ишемби күнү (дем алыш күн), БШК “ревизия” кылмак турсун, “балитолог” сунуш кылгандай өзгөртүүлөрдү бат-бат кабыл ала коюптур.

Таң калычтуусу, БШКын мүчөлөрүнүн жыйыны абдан шашылыш түрдө өтүптүр, ал жыйынга керек болсо ММК өкүлдөрү чакырылбаптыр, башкача айтканда тымызын баарын чечип алышыптыр. Бул “өзгөртүүлөрдөн” эмне өзгөрдү деген суроо жаралбай койбойт.

Мисалы, мурунку регламентте норма бар болчу, ага ылайык - “БШКын мүчөлөрү, мөөнөттөн мурун БШКын төрагасын же анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын кыскартуу боюнча шайлоолорго чейин 6 ай мурун демилге кыла алчу эмес”. Жалпак тил менен айтканда, президенттин, же Жогорку Кеңешке депутаттардын шайлоосу жана референдумга жырым жыл калган боло турган болсо, анда БШКын курамы өзгөрбөш керек деген сөз.

Эми болсо, ушул абдан маанилүү жерин БШКын 9 мүчөсүнүн 8 кайраны жокко чыгарып салышты. Бул өзгөртүүлөрдүн чыныгы максаты эмнеде, кимдин кандай кызыкчылыктары бар, жана эмне үчүн мындай шашылыш түрдө, жашыруун жыйын өтүп бул өзгөрүүлөр болду БШКда? Жоопту алыстан деле издештин кереги жок, БШКын төрайымынын орун басарларынын бирин кетиргенге даярдык деп түшүнсө болот. Айта кетсек БШКын башчысынын 2 орун басары бар, бири Абдыжапар Бекматов, экинчиси Атыр Абдрахматова. Чамасы, ушул экөөнүн бирин кетирүү максатында кабыл алынган окшойт жогорудагы “мыйзамдуу” өзгөртүүлөр.

Эсиңерге салсак, Нуржан Шайлдабекова менен Атыр Абдрахматова ортосунда көп жолу тил табышбай калган учурлар болгон, акыркысы жаштайына карабай БШКда жападан жалгыз калыс оюн айтып келгени менен коомчулукка таанымал. Атыр айымдын төрайм менен чырдашуусу устукан талаш эмес, адилеттүүлүктү тартышып-талашканы, мына, жакында эле 6 май күнү дагы чыр чыкты, ага бир топ журналисттер күбө болушту.

Абдрахматованын БШК ачык, айкын болсун дегени, ички маалыматтарды тоскоолсуз көргөнгө чакырыктары, жана шайлоонун жыйынтыктары ачыкталсын дегени Шайлдабековага жакпады. Биздин оюбузча, Башайкомдун жетекчисине Атыр айымга аллергия болгон дагы бир себеби, Шайлдабекова президент тараптан дайындалган, ага чейин ал киши президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштечи. Ал эми Абдрахматова болсо, «Республика – Ата Журт» фракциясынын квотасы менен БШК өткөн, өзүңүздөр билгендей РАЖын лидери дагы президенттикке аттанды. Балким бул дагы себептердин бири болуп жаткандыр...

Бирөөгө жамандык тилегенче, өзүңө амандык тиле дейт эмеспи кыргызда, БШКын жетекчиси бир нерсени эсине тутуп алыш керек эми. Ошол эле кабыл алынган өзгөрүүлөр, шалп этип өзүнүн башына бир күнү тийбесе болду, анткени биздин кыргыз саясатында туруктуу эч нерсе болбойт...

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости