www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Устаты Сыймык Бейшекеевдин жолун улап, кыргыз сахнасынан өз ордун тапкан Аваз Акимов бүгүнкү менин маектешим.
- Аваз, чыгармачылыктан сырткары алектене турган ишиң барбы?
- Өзүмдүн бир тууган байкемдин чакан бизнеси бар. Ошол иштерге жардам берем жана алдыда дагы өзүмдүн жеке бизнесимди ачуу планымда бар.
- Чыгармачылык жаатта эмне жаңылыктарың бар?
- Учурда жаңы клибимди жарыкка чыгарып, гастролдук иш сапарым менен түштүк жергесине сапар алып жатам. Ал жактан келген соң жаңы ырлардын үстүнөн иштейм.
- Адамдардагы кайсы сапатты баалайсың?
- Ак көңүлдүүлүк жана жөнөкөйлүк. Мына ушул сапаттар ар бир адамда болуш керек деп эсептейм.
- Ачууга бат алдырасыңбы?
- Ооба. Жиним тез келет да, тез таркайт. Бирок, абдан эмоционалдуумун деп айта албайм.
- Спорт менен машыгасыңбы?
- Чыгармачылык чөйрөдө жүргөн инсандардын убактысы ар дайым тар болуп келет. Жаздын келиши менен гастролдоп, спортко деле көңүл бура элекмин. Буга чейин машыгуучу жайларга барып турчумун. Азыр барбай элемин. Спорттун түрүнөн футболду жакшы көрөм.
- Бийге кызыгасыңбы?
- Ооба, бийлеген абдан жагат. Бий дагы спорттун бир түрү. Мага жакан музыка болуп калса, сөзсүз бийлеп эс алып калам. Маанайым дагы көтөрүлөт. Сахнада да дайыма бийлегенге аракет кылам.
- Достукка бекемсиңби?
- Бекем болууга дайыма аракет кылам. Айрым учурларда досторум бири-бири менен урушуп кетпеш үчүн кээде алдап, баарын өз ордуна коюп коём. Жашоодо ар нерсе боло берет эмеспи.
- Саясатка кызыгасыңбы?
- Учурда өзүм ырчы болсом да, бала кезимден ойлоп жүргөн кыялым депутат болуу. Бул кыялым азыр да оюмда бар. Кудай буюруп калса, депутат болуп калаарбыз.
- Жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Жок.
- Айдана Декачы?
- Ал менин сүйлөшкөн кызым эмес. Чыгармачылыктан тапкан карындашым десем болот.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg