www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эшектин мээси «деликатес»

Шумдуктуулар кийинки кездерде чубалжып чыгып жатат. Өмүрү эшекти атка теңебей келген айрым укмуштуулар эми анын сүтүн теңдешсиз дары кылып аздектеп калышты. Көрсө, анын ынак сүтү жылкынын кымызынан миң эсе артык имиш. Ал тургай обу жоктонуп кеткен «дарыгерлер» саратанда тоо тарапка чатыр тигип эшектин сүтү менен сыркоологондорду айыктырууга далалат жасашууда. Көрсө, биротоло өлөт деп больницадан чыгарып койгон бечаралардын көбүн так ушул эшектин касиеттүү сүтү менен адам катарына кошуп коюшуптур. Эгерде чын эле эшектин сүтүнүн дарылык керемети болгондо ата-бабаларыбыз билет эле го деген шектенүү пайда болбой койбойт тура?

Буга далил катары бизге ооп келген кытайлардын жоругун айтышууда. Анткени алар баш баккан айылдарда эшек аттулар көздөн кайым болуп жатканы ырас. Бу кургурлар эшектин сүтүн гана эмес этин да барктап, баалап жеп жатпайбы. Биз арам деген төрт буттуунун шыйрагынан бери азык кылган кытайлар неге эшекти көргөндө оозун жалжайтып жибергенин качан гана алар сымал даамдаганда билүүгө болот. Кескелдирикти, коңузду ойлонбой оозуна салган кытайгаэшектин эти деликатес катары саналарын өздөрү кысынып-кымтынбай эле шардана кыларын билебиз. Эмнеси болсо да акыркы мезгилде элеттиктер эшекти катуу кайтарууга өтүштү.

Өткөндө эшектин даы бир өзгөчө сыры ачыкка чыкты. Айылда өзүнөн өзү күлө берген, төө десе бээ деген келесоо чалыш бир адам бар эле. Мына ршро кишиге кандай болор экен деп эшектин мээсин атайын бышырып беришиптир. Эртеси күнү баягы жалаяктай болуп күлгөн киши олтуттуу сүйлөп калганын көрүп баары таң калышыптыр. Муну биротоло бекемдеп коелу деген ойдо наркы айылдагы дагы бир эсинен ажыраган аялга эшектин мээсин бышырып жедиршиптир. Натыйжада жөндүү чыгып ал аял да оңолуп кетиптир. Эки бакыр, бир тукур кылып айыккан эркетана менен оолукмасы жоголгон аялды жупташтырып коюшса эми алар оокатын жасап жүрүшөт дейт.

Ошентип эшектин касиетине дем берген дарыгерлер эшектин сүтү кандай ооруга, мээси эмне дартка шыпаа болорун изилдеп жүрүшкөнүн эшиттик. Чоң табылгага күбө болгон эмчилер мындан ары эшекти канаттууга кактырбоогоғ кытайларга жедирбөөгө катуу киришкен кези. Табылгыс кенч болгон эшектин мээсин алар лабораториядан өткөрүшүп, дары жасоого сертификат аларына көздөрү төрт болуп туру.

Издегени асмандан эмес жерден табылганына кудуңдаган эшекти баалагандар акырындык менен фермаларды түптөп, аңгырап кыйкыргандарынын оозун кемечтеп, сүйкүмдүүлөрүн асыл тукумдукка бөлүп чыгып булардын тукумун жакшыртууга ниетин бурушту. Кийинки учурда курулай аңгиленип жолуктурууга кыйын болуп калганын туйдук. Көрсө аларга аяр жасалган мамиле кыял-жоругун өзгөртө баштаптыр. Жылуу сөз, камкор мамиле кимди болсо да оң жолго салат турбайбы.

Баарынан да бийлик, мансап дегенде эс-акылынан айрылган бечараларды эпке келтирүүгө эшектин мээсинин таасири кандай болорун аныктоого олуттуу маани берилди. Себеби, ар жылы жазда, күздө шамалдап калган айрым көпкөндөрдү  жолго салбаса болбой калды. Ансыз да сызга отурган өлкөнү алар ого бетер сролкудатып ишпалдасын чыгарууда. Кас-кас турган наристедей болгон абалга келген мамлекетти сактай албасак биздин дарыгерчилигибиздин кимге кереги бар деп жүрөгү соккондор зарыл дарыны колдонууга олуттуу көңүл бурууда. Айтор, эшектин мээсине түркүн чөптөр кошулуп жасалган дары көп дартка даба болоорунан күмөн жок. Кумурскадай болуп көбөйгөн, мээси сааттай иштеген  кытайлар неге эшекти кудайындай көргөнүнүн себебин билген дарыгерлер дагы далай бийиктиктерди багындырышат окшойт. Деги бул жашоодо чети оюлбаган сырлар көп турбайбы?.. 

Булак: "egemen.kg"

Последние новости