www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурлан менен Самаранын аткаруусундагы «Бололу бирге» ыры ушул күнгө чейин популярдуулугун жоготпой ар кандай талкуулардын чордонунда. Учурда жаңы баш кошкон түгөйлөр да бал ырды фонограмма менен аткарып, слайд шоу тартып, калың журттун назарына деп социалдык түйүндөргө ар кими өзүнүн вариантын жүктөп жатышат. Үйлөнүү үлпөт тойлорун болсо сөзсүз жаш жубайларды элге алып кирээрде, жаштардын гимниндей болуп калган "Бололу бирге"ырынын коштоосу менен киришет. Жагымдуу ырга узун өмүр каалайлы.
Бирок ар кандай пародиялар да жазылып кеткен. Анда эмесе, ошолордун бирин сиздерге сунуштайбыз.
Бололу бирге. (Пародия)
Нурлан:
Самара эжем аткан таңдай,
Асан акам өзү кандай?
Кызганбайбы андай,
Жүргөн жери өзү Ош бекен?
Асан акам үйдө жок бекен?
Кетпедиби жеңе айтыныз кандай?
Самара:
Баатыр жигит болсоң абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча кызыкпагын андай,
Балдарымдын өзү урмат го.
Асан акам мага кымбат го,
Нурлан:
Анда мага эмне кылуу керек?
Самара:
Жалжактабай жакшы жүрүү керек.
Нурлан:
Үйүңүзгө коркпой баруу керек.
Самара:
Өз ажалың менен өлүү керек,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Асан акаң менен болойун бирге...