www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова көптөгөн акын, обончулардын ырларын ырдап келет. Ырчынын аткаруусундагы “Сахна” аттуу ырды Айчүрөк Иманалиева экөө да талашып жүрбөдү беле. Ошол ыр боюнча “Азаттык” радиосундагы маегинде сөз козголуп, ага төмөндөгүдөй жооп бериптир:

“Автордук укук маселесин күчүнө киргизүү күндүн талабы. "Кыргызпатент" ыр жазган акынды же обончуну гана каттоого алып, аларга акы төлөйт экен. Аткаруучулардын да укугу корголушу керек. Бизде андай жок. Мен авторлор менен келишим түзүп, өзүмдүн аткаруучулук укугумду коргогум келип жатат. Ар ким каалаган ырчысынын чыгармасын аткарып эле жүрөт. Себеби, биз ырчылык менен нан таап жейбиз. Мен үчүн бул кесип. Кээ бирөөлөргө хобби болушу мүмкүн. Ошондуктан, өз эмгегимди коргой баштадым. Мен ырдаган ырларды башкалар уруксатсыз аткара албайт»

А сиз кандай ойлойсуз, окурман? Аткаруучу мыктыбы же акынбы?

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости