www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна Клара Кабилованын кош жарандуулугу бары же жогу иликтенип жаткандыктан, бул маселени кароо убактылуу токтотулганын билдирди.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан Аида Салянованын ордуна депутат болуп келе тургандардын тизмесинде турган Клара Кабилованын орус жарандыгы бар болушу мүмкүн экени айтылып, айрым активисттер аны тактоону БШКдан өтүнгөн.

Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, мурдагы президент Курманбек Бакиевден ыдык көргөнүн айтып, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп Гүлнара-Клара Самат болгон. Эгер анын кош жарандыгы бар болуп чыкса, мыйзам боюнча парламентке депутат болуп келе албайт. Кийинки тизмеде Ташболот Балтабаев турат. Салянованын мандаты февралдын этегинде алынган. 

Булак: Азаттык

Последние новости