www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Түштүк облусунда, Сарыжыгач аймагында жайгашкан Абай айылында 1-класттын окуучусун жогорку класстын окуучулары зордуктаган. Бул тууралуу маалыматты информ басылмасы жазып чыкты.

Берген маалыматына караганда 7 жашар бала, 1-класстын окуучусу бир эмес, бир нече жолу жогорку класстын окуучулары тарабынан зордукталган. Ал тургай курулуп бүтпөгөн, кароосуз калган үйлөргө алдап алып барып зордуктап жүрүшкөн.

Тилекке каршы мектептин мугалимдери зордукталган баланы эжесине эч кимге айтпоо үчүн суранып, тил кат жаздырып алышкан жана зордуктаган балдарды тыйган эмес. Болгону сөз менен гана эскертип коюшкан.

Зордукталган баланын маселеси журналистерге жеткенде гана полиция кызматкерлери кылмыш ишин козгогон. Өкүнүчтүүсү бала зордукталган эмес, болгону ден соолугуна бир аз зыян келген деп тергөө иштери жүрүп жатат. Көрсө мектептин директору, жергиликтүү айылдын депутаттын келини экен деп, деп жазат аталган басылма.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости