www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Cагынбек Исмаилов Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Директору болуп дайындалды. Буга чейин бар-жогу билинбеген Сагынбек Исмаилов жөн жерден бул кызматка келип калган жок экен. Айрым маалыматтарга таянсак Сагынбек Исмаиловдун бул кызматка келишине президенттин аппарат башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин салымы чоң  имиш. Алмамбет Салиев Жээнбековго бул кызматка эң эле татыктуу ушул киши деп ынандырып жатып, акыры президенттин макулдугун алып чыккан имиш. Ошентип аты-жыты белгисиз Сагынбек Исмаилов Алмамбет Салиевдин колдоосу менен эң жооптуу жана маанилүү кызматка дайындалып калганы айтылууда.

Ал эми Сагынбек Исмаиловдун басып өткөн жолуна саресеп салып көрсөк, күч түзүмдөрүндө иштегени эле болбосо, бир дагы алгылыктуу иши менен элдин эсинде калбаптыр. Тескерисинче, айрым мыйзамсыз иш аракеттерден кулагы көрүнүп калып жатат. Илгери  1996-жылдан тартып 2005-жылдар аралыгында түштүк регионунда ИИМдин бир топ жетекчилик кызматтарын аркалаганы маалым. Ошол жылдары криминалдар, карта оюндары жана каталка күчөп турган мезгилде  өзбек улутундагы Ядгар жана Бахром аттуу мыйзамсыз иш алып барган жарандарга крыша болуп, алардын мыйзамсыз аракеттерин жаап жашырып, аларды коргоп турганын көргөн-билгендер ушул күнгө чейин айтып жүрүшөт.

Баса, Нургазы Айдаров жакында гана өзбек кримавторитети аталган Салимбай Байбачаны колтуктап жүргөн видеосу менен хит болуп, кыргыз элинин каарына калбадыбы...

ИИМге кайрадан илешип, акчанын күчү менен кызматтык секирик жасап олтуруп  КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары болууга жетишет. Бирок бул кызматта көп олтура алган жок. Себеби, өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарбай, ал жактагы кызматына көңүл кош мамиле кылып, эки-күндүн биринде Кыргызстанга мен Генерал болушум керек дегенсип, келе берип бул кызматынан да кол жууйт. Акыры  ар-кандай айла-амалы менен Икрам Илмияновдун тилин таап, Атамбаевдин батасы менен ГСИНге орун басар болуп барат.

Эми минтип АШАнын доору аяктаган соң, Жээнбековдун жанындагы Салиевдин тилин таап, ал аркылуу Жээнбековдун батасын алып АКСти жетектөөгө киришти.

Сооронбай Жээнбеков балким аппарат кызматкери Алмамбет Салиевдин бал тилине арбалып, ушундай кадамга барууга мажбур болгон чыгар. Бирок бул президентибиздин жаңылыш кадамы десек туура болот. Жээнбеков бул кадамы менен “карышкырга кой кайтартып койду”! Жогоруда келтирилген маалыматтар тууралуу Жээнбеков изилдөө жүргүзө турган болсо Сагынбек Исмаиловдун ким экенине ынанат, толук көзү жетет. Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү күчөтүүнү каалап жатканы жакшы, бирок арты таза, президенттин, элдин ишеничин актай турган татыктуу кадрды дайындаса эл дагы кош колдоп колдойт эле. Ал эми “этеги жаман жерден айрылган” Сагынбек Исмаилов коррупция менен күрөшкөндүн ордуна, аларды коргоого алып, Президент Сооронбай Жээнбековдун  аброюна шек келтирип койбосо эле болду...

ИИМдин мурдагы кызматкери

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости