www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 28-августта БШК “Кыргызстан” партиясы боюнча Административдик соттун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко арыз менен кайрылды. Анда БШК өзүнүн “Кыргызстан” партиясы шайлоо документтерин эрежелерди бузуп тапшыргандыгы үчүн кайтарып берүү чечимин туура деп эсептейт жана Жогорку соттон Бишкектин Административдик сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнөт.
Эсиңиздерге сала кетсек, 24-август күнү “Кыргызстан” саясый партиясы өзүнүн тизмесин жана башка документтерин белгиленген убакыттан (18:00) кеч алып келген жана партиянын БШКда катталган атайын өкүлү эмес, анын тааныштары тапшырган. Муну байкаган коомчулук жана башка партия өкүлдөрү чуу көтөрүшкөн.
25-август күнү БШК коомчулуктун талабынан кийин “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин каттабай, артка кайтарып берүү чечимин кабыл алган.
26-августта “Кыргызстан” саясый партиясы БШКнын чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.
27-августта Бишкектин Административдик соту “Кыргызстан” саясый партиясынын дооматын туура деп таап, БШКнын 25-августтагы чечимин жокко чыгарган.
28-августта БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин кайрадан кабыл албай койду жана Бишкектин Административдик сотунун 27-августтагы чечиминин үстүнөн аппеляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды. Мыйзам боюнча Жогорку соттун чечими чыкмайынча БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмесин кабыл албай турууга укугу бар.
Булак: NazarNews.kg