www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Турсунбай Бакир уулу менен тизмеден четтеп калганын айтып, Мадумаровду сындагандан киийн социалдык сеттерде кабылган чабуулу боюнча баарлаштык.  

-Турсунбай мырза, сиз тизмеге кирбей калганыңызды айтып, Адахан Мадумаровдун алдады деген маектен кийин сизге социалдык тармактарда Мадумаровдун  тарапташтарыбы же “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүбү айтор катуу чабуул жасашып, түрдүү пикирлерди айтышты. Алардын чабуулу күтүлгөн эле иш беле же сизге катуу тийдиби?

 -Туура айтасыз. Чектен чыгып, адам экенин унутуп, болгон деңгээлин көрсөткөн «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиянын кээ бир мүчөлөрүнө жана колдоочуларына жооп берип койбосом да болбойт окшойт. Чабуул болсо да мынчалык ыплас , төмөн деңгээлде болбосо болот эле. Катуу эле тийди. Ошон үчүн жооп берүүгө аргасыз болуп жатам.
Мен Адахан Мадумаровдун өзү менен сүйлөштүм, өзүнө жаздым, башкалар аркылуу айттырдым, социалдык желелерде эскерттим. Анын тарапташтары мага чабуул жасабашы үчүн дагы эмне кылышым керек эле?! 
Ал мени жана ЭрК партиябызды сыйлабаса да, өзүнүн партиясынын мүчөлөрүн жана курултайда кабыл алынган  чечимин сыйласын - «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курултайы бекиткен тизмени БШКга өткөрсүн! Эмне үчүн 3-4 киши партиянын курултайынын чечимин ондоп, өзгөртүп салган тизмени БШК га өткөрүп салат?! Курултай - ар бир саясий партиянын жогорку жетектөө органы болуп эсептелет! Партиянын лидери да баш ийүүсү абзел! Маселе өзүнүн партиясынын курултайынын чечимине жана мыйзамга баш ийүүдөн жаралды!
Эмне үчүн менин укугумду жана ЭрК партиясынын укугун тебелеп кетсе да мен унчукпай коюшум керектигин Адахан Мадумаровду колдоочулары эч болбосо эки себебин айткылачы?! Идеологиясы бар ар бир саясий партия беш жылда бир келе турган парламенттик шайлоону күтөт - шайлоого катышпаса программасы ишке ашпайт. Ал үмүтүнөн бириккен саясий партия ажыратып койсо эмне деши керек эле?! Болгону, бириккен саясий партиялар бир бирине берген сөзүнө турушу керек болчу. ЭрК партиясы сөзүнө турган. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери сөзүнө  турган жок. Ошону айтсам “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү жана Адахан Мадумаровдун тарапташтары ачуу чындыкка чычалап, акылга сыйбаган сөздөрдү айтып жатышат. 

-Алар Мадумаровду сындаганыңызга теригип жатышабы же башка дооматтарды коюп жатышабы?

-Сыягы, сындаганыма теригип жатышат окшойт. Чынында мени  ачуу чындыкты айтканга  аргасыз болуп  турам. Эгер менин айткан сөздөрүм туура эмес болсо, ошону  айтышпайбы. Барынан кызыгы, Мадумаровдун тарапташтары бу сапар  социалдык желелерде  отурган бийликтин  чөөлөрүнөн  айырмасы жок болуп калды. Алар чындыкты айтсаң - чынжырын жулуп кеткен кутурган иттерге окшоп, толпа болуп баса калышат! Аларда эч ыйык түшүнүк деген жок.  Адамдын абийирине жана үй-бүлөсүнө чейин ыплас, сөздөр  менен акарат келтиришет! Ушундай эле Адахан Мадумаровго чаң жугузбайбыз  дешсе,  анда сүйлөө речин  оңдоп,  конкреттүү ушул шайлоодо түзүлүп калган туңгуюк жөнүндө ойлонуп анан  аны жактап көрүшсүнчү. ЭрК партиясынын төрагасы катары мени «Бүтүн Кыргызстан» менен чогуу шайлоого чыгыңыз деп чакырып алып, өзүнүн жана партиясынын курултайынын чечимин сыйлабай БШКга 3-4 киши оңдогон, өзгөрткөн тизмени өткөрүп салгандыгы жөнүндө сөз болуп жатат. Бул жерде маселе менин жеке же үй-бүлөлүк жашоом жөнүндө эмес, парламенттик шайлоого менин катышуу укугуман Адахан  Мадумаров  ажыратып койгонунда болуп жатат. Анын туура эмес, мыйзамсыз чечимин жокко чыгаруунун ордуна түшүнүп-түшүнбөй мага жана үй-бүлөмө  ыплас чабуул жасагандары  Аллахыма да жакпайт. Мен алардын  деңгээлине түшө албайм. Ошол үчүн Адахан Мадумаровдун жеке жана үй-бүлөлүк жашоосу жөнүндө бир да кеп кылбаймын. Мен мага акарат келтиргендердей жапайы, акылы аз адам  эмесмин. 
Мен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курултайы 19-августта бекиткен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин чыныгы тизмесин өткөрсүн деген эле талапты койдум. А мага асылып, адаханды колдогондор  эмне жөнүндө сөз кылып жатканыңарды түшүндүңөрбү?!
Акылыңар жана ыйманыңар менен болгула! Акыретинерди унутпагыла чектен ашып, асылуу да жакшы эмес.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости