www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтарып береби?

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезектеги отурумун өткөрүп, документ тапшырган 17 партия жөнүндө маалымат берди.

Жыйында жумушчу топтон «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө сунуш түшкөнү маалым болду. БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов жагдай боюнча журналисттерге мындай түшүндүрдү.

“Мыйзамда көрсөтүлгөн субъект аркылуу берилбегендиги үчүн жумушчу топ кайтарып берүү жөнүндө БШКнын кароосуна сунуш кылды. Борбордук шайлоо комиссиясы отурумунда тийиштүү чечим чыгарат”, - деди Бекматов.

“Кыргызстан” партиясынын өкүлү Талант Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, айрымдардын басымы астында чечим кабыл албоого чакырды.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости