www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Маска” түшүнүгү адатта майрам-кечелерде гана колдонулуп, коргоочу масканы болсо дээрлик врачтардын колдонуусунда ооруканалардан гана көрсөк, коронавирус (COVID-19) илдетинин каптоосу менен маскалар жашообузга кирди да калды. Майда кайдыгерликтер дүйнөгө тароочу чоң трагедияларга себеп болоорун далилдеген пандемия менен күрөшүп жатып, эрежелерге баш ийүү менен кылдат, так мамиле кылуу аркылуу гана аны жеңе алаарыбызды түшүндүк көрүнөт. Ошентсе да аткарбай жаткан мекендештерибиз көп, тилекке каршы. Алдыда масканы колдонуу тууралуу ар бирибизге керектүү маалыматтарды топтодук. Окуп, маанисин билиңиз.
Маска коронавирустан канчалык деңгээлде коргой алат?
Маска колдонуу вирустан толугу менен коргой албайт, тилекке каршы. Адамдар көп чөйрөдө жүргөндө чүчкүрүү, жөтөл жана сүйлөшүү убагында башка адамдан келген микроорганизмдер мурун жана оозуңузга кириши мүмкүн. Ошолордун кирбеши үчүн маска тагасыз жана бул менен толук коргонуудамын деп айтуу туура эмес. Ошентсе да, коомдук турмушта чөйрөдөгүлөр менен ортодогу дистанцияны сактап, аталган коргоочу масканы колдонуу ден соолугуңуз үчүн мааниге ээ.
Масканы кантип колдонуу керек?
Тагуудан мурда колуңузду 20 секунд самындап жууңуз. Булар жок болуп калса 70% спирттен турган антисептик колдонуңуз.
Маска мурун, ооз жана ээгиңизди толугу менен жапкан болсун. Аны чыгаруу дагы өзгөчө кылдаттыкты талап кылат. Колду бетке тийгизбестен кулактан акырын чыгарып алуу керек. Таштанды челектерге ташталбай калгандыгы үчүн көпчүлүк тазалык кызматкерлери, көчө жаныбарлары вирус жугузуп алууда. Алар айланып отуруп, кайра өзүбүзгө кайтышы мүмкүн. Ошол себептен масканы сөзсүз жабык таштанды кутусуна ыргытыңыз. Андан соң колго антисептик сээп же болбосо самын менен жакшылап жууңуз.
Учурда өлкөбүздөгү керектөөгө байланыштуу маска өндүрүүчүлөр дагы артып, ар түрдүү маскалар сатыкка чыкты.
Алардын кайсынысы коргоочу, кайсынысынын жөн эле аты бар?
Медициналык маска: дем алуу аркылуу алынып, берилген абаны тоскоолдуксуз өткөрөт. Ичке кирүүчү, сыртка чыгуучу ар кандай микроорганизмдерден коргоочу артыкчылыкка ээ. 2013-жылы Кэмбридж университетинде жасалган изилдөөдө бир жолу колдонулуучу медициналык масканын Covid-19 вирусунан 5 эсе кичине бөлүктөрдү өткөрүүгө 89% тоскоолдук кылаары далилденген.
95/N99 маскасы: респиратор деген ат менен да билинип, өзгөчө фильтр системасына ээ бул маскалар оорулуулар үчүн да, медициналык кызматкерлер үчүн дагы эң керектүү коргонуу. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму баштаган бир дагы уюм же медициналык мекеме тарабынан вирустан коргонуу үчүн аталган масканы колдонуу керектигин айткан сунуш бериле элек.
Колдо жасалган маска: кырдаалга байланыштуу масканын баасы да өстү, албетте. Бул себептен көбүбүз карантин убагында колго жасап алып, тагынууга өттүк. Абаны өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө карап, пахтадан жасалган материалдан тигип колдонуу жакшы жыйынтык берери айтылууда. Колго жасалган болобу, медициналык болобу, маска тагынуу менен вирустан толук коргоно албашыбызды түшүндүрүүгө аракет кылдык. Андыктан, окурман, жеке гигиена баарынан маанилүү экенин унутпаңыз. Орубаңыз, оорубайлы...
Булак: NazarNews.kg