www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү максатка ылайык деп эсептейт. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты. БШКнын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү дайындалгандан кийин эки айдын аралыгында уюштурулушу керек.
“БШКнын мүчөлөрү 20-декабрда парламенттик шайлоону өткөрүү максатка ылайык деп эсептейт. Себеби 2020-жыл бүткөнгө чейин добуш берүүнүн жана шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек”, — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда БШК кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында сунушталып жаткан айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси чечилиши керектигин белгилейт.
Булак: NazarNews.kg