www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан чек ара кызматы «Карасу» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Казакстан тарапка мыйзамсыз өтүп бараткан Кыргызстандын жарандары кармалганын билдирди. Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан келаткан «Mercedes-Benz» кичибусун «Карасу» бекетинен Казакстандын чек арачылары тосуп, текшерүүгө алган. Кичибуста паспорт көзөмөлүнөн жашынып, эч кандай каттоого турбастан, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 6 жараны болгон.

Белгилей кетсек, учурда кичибустун айдоочусуна жана ичиндеги кыргыз жарандарына карата кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости