www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана анын бийлик органдарынын жетекчилигине келген командасына ийгилик каалайм. Эл жакшы ниет кылып, пейилин түздөп, мамлекеттин жүгүн аркалайбыз деген азаматтарын колдоп, ишеним бериши керек. "Элдин жашоосун биз оңдойбуз" дегендерге Сооронбай Шарипович бийлигин өткөрүп берди. Эми алардын бийлигин, кыргыз элин жана Кыргызстаныбызды Кудай колдосун. Мындан ары стабилдүүлүк түбөлүк болсун, аймактык сезимдер менен бийлик талашуу болбосун деп тилейм. Президенттин милдетин аткаруучу жана анын командасы элине жакшылык алып келген жаратмандар болсун. Мындай пикирин Дайыр Орунбеков билдирди.
Мен, Сооронбай Жээнбековдун бийлигин сүрөп, колдоп келгемин жана акыр аягына чейин принцибимде турдум. Экс-президентибиздин саясий чечими, өзүнүн кызыкчылыгын экинчи орунга койгон кадамынан кийин сый-урматым ого бетер күчөдү. Аны колдоп келгеним үчүн эч качан өкүнбөйм. Бийлик алмашуудан кийин, жаңы командага жүгүргөндөр көп болот, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мен аягына чейин Жээнбековчумун, аны ачык айтам. Жээнбековдун башкаруу мезгили оор учурларга туш келди. Ууруларды камады, бирок алар 2 жыл тоскоол болуп, керек болсо "Кой-Таш" республикасын түзөбүз деп чыкты. Быйыл COVID-19 ылаңы шаштысын алды. Ага карабай сырттан карыз алган жок, мамлекеттин өзүнүн мүмкүнчүлүгү менен күчүн аймактарды өнүктүрүүгө жумшады. Таза суу, ички жолдорго асфальт төшөө, жаңы ооруканалардын имараттары, мектеп бала бакчалар салынды. Башкысы коопсуз шаар долбоору ишке кирди. Бир жагынан оппозиция, экинчи жагынан пандемия шаштысын алганына карабай мамлекеттин экономикасын туруктуу кармады, - Дайыр Орунбеков.
Булак: NazarNews.kg