Саратовдо эне өз кыздарын терезеден ыргытып жиберген
Дүйнө жүзүндө  |   |  2496

Россиянын Саратов шарынын тургуну өз кыздарын терезеден ыргытып жиберген. Бул тууралуу “Взгляд Инфо” жазып чыкты.

Облусттук Саламаттыкты сактоо башкармалыгы кыздардын абалы өтө оор экенин  маалымдады. Жабырлануучу кыздар 5 жана 8 жашта болгон. Азыркы учурда дарыгерлер кыздардын энесинин акыбалын оңдоого аракет кылууда. Маалыматка ылайык ал өз-өзүнө бычак менен зыян келтирген.

Саратовдун балдар омбудсмени Татьяна Загородняянын айтымына караганда, тез жардамчылардан түшкөн маалымат менен дарыгерлердин айткан маалыматы бири-бирине төп келбей жаткандыгы үчүн тергөө иштери бираз татаал жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями