www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париждин Конфлан-Сен-Онорин шаарчасында 16-октябрда мектеп мугалими өлтүрүлгөнүнө байланыштуу кылмыш иши ачылып, тогуз киши кармалды. Алардын экөө маркум иштеген мектептеги окуучулардын ата-энеси.

"France-Presse" агенттиги билдиргендей, колго түшкөндөрдүн бир канчасы кылмышкерге байланышы бар адамдар.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү өзү орусиялык чечен тектүү 18 жаштагы жаран экени айтылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал Мухаммед пайгамбардын карикатурасын окуучуларга көрсөткөн мугалимден өч алуу максатында аны мууздап, башын кесип салган. Шектүүнү полиция атып өлтүргөн.

Баштапкы билдирүүлө ылайык, мугалим окуучуларга сөз эркиндиги темасын талкуулап, аларга пайгамбардын француз басылмаларында чыккан карикатурасын мисал катары көрсөткөн.

Ошондой эле окуя болгон жерге 16-октябрда кечинде Франция президенти Эммануэл Макрон барган. Ал бул окуяда "исламчыл террордук акттын" белгиси бар экенин айткан.

Эске салсак, Орусиядагы айрым басылмалар мугалимди өлтүргөн адам Москвада төрөлгөн Абдулак Анзоров экенин жазышты.

Азыркы учурда бул маалымат тастыктала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости