www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК партиялар тапшырган документтерди кароого киришти

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу партиялардан келген документтерди кароого киришти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 25-августта билдирди.

Маалыматка караганда, Боршайком мыйзамга ылайык 24-августта саат 18.00дө талапкерлердин тизмесин катташ үчүн тиешелүү документтерди кабыл алууну аяктады. Ушул убакка чейин БШКга төмөнкү саясий партиялар документтерин тапшырды:

1. «Актив»;

2. «Ооганстан согушунун жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы»;

3. «Мекен Ынтымагы»;

4. «Ата-Мекен» социалисттик партиясы;

5. «Мекенчил»;

6. «Бир Бол»;

7. «Ыйман Нуру»;

8. «Замандаш»;

9. «Чоң Казат»;

10. «Реформа»;

11. «Республика»;

12. «Бүтүн Кыргызстан»;

13. «Социал-демократтар»;

14. «Биримдик» («Единство») демократиялык партиясы;

15. «Мекеним Кыргызстан»;

16. «Ордо»;

17. «Кыргызстан».

БШК «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерине байланыштуу пикир келишпестиктерди эске алуу менен партиялардын, коомчулуктун жана журналисттердин катышуусунда жумушчу топтун кеңейтилген жыйынын өткөрө турганын билдирди. Жыйындын убактысы айтыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости