www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыныгы аялзатынын сапаттары

Модерн жашоо аялзатынан көп нерсе талап кылып жаткандай... Мээримдүү эне, сүйүктүү жубай, туруктуу дос, сыйлуу кыз, эмгекчил кызматкер жана да ийгиликтүү башчы болуусу керек деген жазылбаган эрежелер бар сымал.  Дегеле чыныгы аялзаты кандай болушу керек деген суроо көпчүлүктүн, айрыкча айымдардын кызыгуусун арттырып жаткандыр. Аял, андан талап кылынган бардык нерселерди таштап, өзүнө жаккан гана нерселерди ишке ашырса ким экенин эстей алат. Белгилүү принциптерди сактоо менен албетте. Алдыда ушуга байланышкан маалыматка көңүлүңүздү бурабыз.

Чыныгы аялзатынын сапаттары:

1.    Бакыттын артынан чуркабайт
Учурдун эң эле популярдуу, бирок акылга сыйбаган спорту – бактылуулуктун артынан чуркоо. Баарыбыз келечекте, эртең, кийинки жылы бактылуу болууга умтулуп келебиз. Ал эми чыныгы аялзаты “спорттун  бул түрү” менен алектенбейт, алар учур менен жашашат.

2.    Учур менен жашоо алар үчүн эң маанилүү
Албетте, келечек үчүн пландарды түзүшөт, бирок эртеңди күтүп жата беришпейт. Азыркы учур менен жашап “арыктаганда” же “сүйүктүүмө жолукканда” деген сыяктуу күтүүлөр менен жашоону бекер өткөрүүнү каалашпайт.

3.    Чыныгы аялзатынын ордун билет
Айымдардын баалуу экенин билет. Аял болуу бир коомчулук күткөн “аялдык” сапаттарга ээ болуу эмес. Аял болуу бир белек. Чыныгы аялзаты ургаачыга керектүү бардык ички(эмоция, ой-толгоолор) жана тышкы(кийим, мамиле) өзгөчөлүктөрдү алып жүрөт.

4.    Өзүнүн эрежелери менен жашайт
Турмушта ар бирибиздин өзүбүзгө гана тиешелүү жашоо образыбыз бар. Эч ким эч кимге көз каранды эмес. Чыныгы айым муну билет жана жашоо гармониясын өзү түзүп, эрежелерди да өзү коёт.

5.    Эч ким ага ээлик кыла албайт
Бул абал аны катаал, эгоист жана өзүмчүл экендигинен эмес, башка бирөөнүн эрежелери, жалгандары менен жашоо өз жашоосу менен жашагандан коркуу дегенди билдирет. Өзүнүн баасын, баалуулугун билет. Мындан алган күч аркылуу адамдын өзүнө жараша жакшы ниетте, боорукер боло алат.

6.    Башкалар айтып жүргөн “жакшы кыз” түшүнүгү аны кызыктырбайт
Кимге, эмнеге карата “жакшы кыз?” Чыныгы айым кечиримдүү болууга милдеттүү эмес (өзү каалаганга чейин), бирөө үчүн же бир эркек үчүн койгон максаттары, пландарынан баш тартышпайт.

7.    Жашы менен дайыма жакшы мамиледе
Ар бир нерседен ырахат алат. Ал үчүн 20 жаш “аябай жаш”, 60 “аябай карыган” деген түшүнүк жок. Мындай шылтоолор коркуудан сактануу үчүн колдонулаарын билет. Кайсы гана жашта болбосун каалаган нерсесин кылып, ага өкүнбөйт. Ар бир жаштын тиешелүү өзгөчөлүгү, артыкчылыгы бар экенин билет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости