www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-августта, БШК парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмеси боюнча жыйын өткөрүп жатат. Жолугушуудан кийин пресс-конференция болот деп пландаштырылган, бирок ал саат 14.00гө жылдырылды.

Активист Өндүрүш Токтонасыров БШКнын имаратына жалгыз өзү эле пикетке чыкты. Анда: Шайлдабекова, кызматтан кетсин. Шайлоолор ачык-айкын өтөбү? Өтсүн”, – деп плакатка жазып алган.

Эскерте кетсек, 24-августта саат 18.00гө чейин бардык партиялар шайлоо күрөөсүн төлөп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүшү керек болчу. Көптөгөн партиялар бул мөөнөткө араң жетишип калышты. Чыр-чатак, “Кыргызстан” тараптын каттоо журналына ылайык, документтерди саат 18: 01де киргизип, журналдагы убакытты 17:59 чейин оңдотуп койгонунан улам келип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости