www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын башкы кеңешчиси Келлиэнн Конуэй 3-ноябрдагы шайлоого карата жасалган анкеталарда төмөндөөлөргө кабылган Трамптын командасынан айрылды.

Чечим жарыялаган сөзүндө: “Бул менин жеке тандоом, менин демилгем. Алдыдагы пландар тууралуу кийинчерээк бөлүшөм. Балдарым энелик кылуума муктаж” деп айткан.

Конуэйдин төрт баласы бар. 15 жаштагы кызы Клаудиа, ишемби күнү Твиттер социалдык тармагындагы баракчасына апасынын курултайда Трамп үчүн сүйлөөрүнө капаланып жатканын жазган эле. 

Официалдуу түрдө президентикке талапкер

Бул арада кечээ башталган Республикалык партия конгрессинде Дональд Трамп, “дагы төрт жыл” ураандары аркылуу официалдуу түрдө президентикке талапкер аталды. Түндүк Каролина штатындагы Шарлотта шаарында болуп өткөн конгрессте делегаттарга карата Трамп: “Өтө, абдан кылдат болушубуз керек” деди.

Коронавирус апаатынан улам почта аркылуу добуш берүүгө болгон талаптардын артышы шайлоо коопсуздугуна карата талкуулардын чыгышына себеп болууда.         

Последние новости