www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШК Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу Орусияда кошумча добушканаларды ачууну караштырууда. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.
БШКнын мүчөлөрү жана жумушчу тобу өз отурумунда бул маселени Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Миграция кызматтарынын өкүлдөрү менен чогуу кеңешти.
Маалыматка ылайык, мурдагы шайлоолордо Орусияда 12 тилке иштеген. Москвада үчөө, Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Южно-Сахалинск шаарларында уюштурулган.
Бул жолу Красноярск шаарында добушкана ачуу зарылдыгы жоктугу айтылды, Москвага кошумча бир тилке жана Тюмен шаарына бир тилке ачуу пландаштырылды. Процедуралык маселелер чечилсе, жалпы добушканалардын саны14-15ке жетиши мүмкүн.
Ошондой эле, БШК чет жакта жашаган шайлоочуларды өздөрүнүн тизмесин tizme.gov.kg сайтынан текшерип алууга чакырат.
Булак: NazarNews.kg