www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 8-декабрда онлайн брифингдин жүрүшүндө коронавирус тууралуу акыркы статистикалык маалыматтар менен тааныштырып жатып, медицина кызматкерлерине төлөнгөн компенсациялык төлөмдөр тууралуу да айтып берди.
Акматованын билдирүүсүнө караганда, 2020-жылдын 8-декабрына карата 608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Ал эми каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 млн сомдон төлөнүп берилди.
"Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 3 миң 986 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 695 медкызматкер айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg