www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлап, 47 адамдын тизмесин жарыялады.
Жалпысынан 65 арыз түшкөн, алардын бирөө партиядан, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр. 30у коммерциялык эмес уюмдарда иштегендер, 24ү убактылуу жумушсуздар, бешөө мамлекеттик органдарда иштегендер, үчөө Жогорку Кеңештин депутаты, үчөө пенсионер болчу.
Белгилей кетсек, талапкер болууну каалаган тогуз адамдын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаты жок болгондугуна жана үч адамдын соттуулугу жоюла электигие байланыштуу 19-ноябрда Боршайком алардын (12 адамдын) документтерин кайра кайтарып берген.
Мындан тышкары, алты адам шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартты.
Ошентип, бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталууну каалагандардын саны 47 адамды түзүүдө.
Аларга эми банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төгүп, жетишпеген документтерин толуктоого 6-декабрга чейин убакыт берилет. Андан соң Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүү этабын жүргүзүп, 14-декабрды кошкондо каттоо мөөнөтүн аяктайт жана 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат.
Эске салсак, 2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.
Булак: NazarNews.kg