www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарында ок атылып, жаракат алган киши ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
2020-жылдын 24-ноябрь күнү саат 18:20 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына А. аттуу жаран тарабынан Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан “Корона” ресторанынын алдында бир адамды бир адам ок атуучу курал менен атып, денесине жаракат келтирип ооруканага алып кетишти деп билдирген.
Аталган билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган тургуну К.А жана 1999-жылы туулган Т.Э экөө пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, Т.Э жанынан белгисиз ок атуучу куралды алып чыгып бир жолу атканда, көчөдө турган Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган М.Днын оң бутуна тийген, андан кийин дагы бир жолу ок атуучу куралды К.Ага багыттап ок чыгарганы жатканда ал колунан кармап тоскоолдук кылган учурда К.Анын курткасын тешип ок өтүп кеткендиги аныкталган.
Т.Э ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан автоунаа менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, ооруканадан М.Д денесинен алган жаракатынан улам эсине келе элек.
Бул окуя боюнча Нарын ШИИБи тарабынан КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык)менен сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Азыркы учурда шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо иш чарасы жүргүзүлүп жатат.
Жогорудагы жарандар уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок.
Булак: NazarNews.kg