www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров биригеби?

«Адахан Мадумаров менен конституцияны каалагандай калчап жаткандардын жолу эки ача кетип жатат», - дейт белгилүү журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«“АҢГА ТҮШҮП АЛЫП, СЕН ДА ТҮШ" ДЕГЕНДЕРГЕ...

“Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт” дегендей “Адахан Мадумаров кечээ эле президенттик башкарууну жактап, бүгүн андан баш тартууда” деп беттен алгандар көбөйдү.

Бул маселени тактап, орду-ордуна коюш үчүн бир аз ой бөлүшүп койсок:

Биринчиден, Адахан Мадумаров президенттик башкаруудан жана депутаттарды бир мандаттуу округдардан шайлоодон баш тарткан эмес. Болгону Садыр Жапаровдун вариантындагы “монстр” президенттик башкарууну четке какканы анык. Анын себеби бар. Анткени Жапаровдун долбоорунда өкмөт башчы кызматы сакталган, президенттин ыйгарым-укуктары ченемсиз кеңейтилген, парламент алсыздандырылган. Булардын баары Адахан Мадумаров айтып жүргөн президенттик башкарууга карманча-каршы келет.

Мадумаров президенттик башкарууда өкмөт башчы кызматы жоюлуп, президент өкмөттү түздөн-түз өзү башкарууга тийиш, президенттик башкарууда парламенттин ролу азыркыдан да кеңейтилип, күчөтүлүш керек, сот бийлиги көз карандысыз болуп, президенттин таасиринен чыгартылыш керек деген позицияда болуп келатканы маалым.

Мына ушундай бийлик системасына өтүүдө Конституция жана мыйзам талаптары так аткарылыш керек. Мыйзам, Конституция талаптарын аткарууну өтө жогору койгон Адахан Мадумаровдон андан башка кадам күтүү мүмкүн эмес.

Азыр эмне болуп жатат?

5 жылдык мөөнөтү бүтүп, Конституцияны өзгөртүүгө моралдык да, юридикалык да ыйгарым-укугу жок Жогорку Кеңештин депутаттары Конституцияны өзгөртүп жатышат. Өлкөдөгү аттуу-баштуу саясатчылар, юристтер, жарандык активисттер анын легитимсиздигин баса белгилешти. Ал эмес Венеция комиссиясы, Хельсинки комитети, Хьюмен райтс уотч уюму азыркы Жогорку Кеңештин ыйгарым-укугу чектелүү экендигин эскертти. Ага карабай түнөргөн бойдон баратышат.

Мына ошондуктан Адахан Мадумаров менен конституцияны каалагандай калчап жаткандардын жолу эки ача кетип жатат.

Мыйзамды, Конституцияны бузуу менен Конституция жазуу эмне? Абсурд ! Келечеги бүдөмүк иш», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости