www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова менен Фархат Иминовду мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алды. БШКнын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жыйын 3-мартта болду. Тийиштүү токтом мекеменин сайтына жарыяланган соң күчүнө кирет.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын мандаты соттолгону үчүн, "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Фархат Иминовдуку арызынын негизинде алынды.

Аида Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны эл өкүлү үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Салянова муну саясий буйрутма деп эсептейт.

"Ата Мекен" партиясынын юристтери сот чечимине ылайык, Салянова жазаны кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөй турганын, мандатын алып салуу туура эмес болорун айтышкан. БШК өкүлү Абдыжапар Бекматов мандатты алууга мыйзамдуу негиздер бар экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости