www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Мен бийликке келгенде ушунчалык таза экенбиз деп жүргөнмүн. Тилекке каршы президенттин аппарат башчысы Данияр Ильич качып кетти. Масалиев ар бир депутат укмуш таза дейт. Кылмыш иши козголгон депутаттар олтурат, деди 2-мартта Топчубек Тургуналиев борбордо өткөн Конституциялык палатанын форумунда.

Чындыгында эки ызы-чуунун башында турган Топчуке, “взятка” менен кармалган Данияр Ильичке эмне айта турганы кызык болду. Ачуусу мурунунун учунда турган карт бөрү Топчукенин “балп” эттире салмайы бар эле.

Эске сала кетсек, аталган форумга экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Акматбек Келдибеков, Абдыганы Эркебаев, Адахан Мадумаров катышса, 2-3 жылдан бери саясаттын арасынан “исчез” болуп кеткен, Бакай калпакты баса кийген Топчубек Тургуналиев, экс-премьерлер Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, “президент болом, жүрөгүм туюп, сезимдерип айтып жатат” деп, тилекке каршы сезимдери алдап койгон Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманбек Зулушев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Исхак Масалиев жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости