www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Салымбеков менен Тыналиев ЖК депутаты болуп шайланды

Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыктарын чыгарды.

Бишкектин Свердлов району боюнча депутат болуп Жумабек Салымбеков, Ысык-Көл району боюнча Айжигит Тыналиев шайланды деп табылды. 30-июндагы шайлоодо Салымбеков 10 миң 623 (64,64%) , ал эми Тыналиев 3 миң 498 добуш алган.

Ошондой эле БШК Ноокат району боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Ал жакта 5 тилкеде добуштар кайра саналары кабарланды.

Автоматтык эсептөө үкүктөрдөн алынган алдын ала маалымат боюнча, Ноокат району боюнча шайлоодо көп добушту Бакытбек Марипов алган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости