www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт. Бул тууралуу кечээ, 10-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматка караганда, быйылкы шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен жалпысынан 732 миллион сом каралган. Бирок бюджеттик план 95 миллион сомго кыскартылды, анткени Жапония өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жабдык жагынан жардам берди.

Ошону менен катар аралыктан иштөөнүн эсебинен айрым пландалган уюштуруу иштери да кыскартылды. Өнөктөштөрдүн жардамы менен элге маалымат жеткирүү боюнча бир катар электрондук ресурстар даярдалып жаткандыктан бул багытта пландалган чыгымдар да кыскарганы турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон. Шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, Кыргызстандын өзүндө жана чет мамлекеттерде 2400 шайлоо участогу ачылат. Аларда 32 миң адам иштейт. Шайлоону уюштуруу планына аларга төлөнө турган акча (бир адамга бир айга 2-3 миң сом), транспорттук чыгымдар, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, кызматкерлерди окутууга, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык шарт түзүүгө кете турган чыгымдар кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости