www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун сөөгү бүгүн, 11-июлда жерге берилет. Бул тууралуу маркумдун шакирттери жана Азамат Исмаилов билдирди.

Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.

Маалыматка ылайык, анын жаназасы түштөн кийин саат 16-18 чамасында туулуп-өскөн кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында окулат.

Эске сала кетсек, 45 жаштагы диний аалым бүгүн түндө Улуттук госпиталда үзүлгөн. Жакындары анын пневмонияга кабылып, абалы оорлошуп кеткенин айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости