www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чубак ажы Жалилов дүйнө салды

Чубак ажы Жалилов дүйнө салды. Бул тууралуу депутат Искендер Матраимов билдирди.

"Аалымыбыз дүйнөдөн өткөнүн угуп, жаным кейип турам. Айтарга сөз таппай турам... Мусулмандар орду толгус оор жоготууга учурады, кош устаз, бейиштик болуңуз...",- деп жазып чыкты Искендер Матраимов.

Кечээ, 11-июлга караган түнү блогер Жакшылык Матанов Чубак ажы оор абалда ооруканага түшкөнүн билдирген.

“Чубак ажы азыр оор абалда улуттук госпиталга келди, дуба кылып коюңуздар! Сакайып кетсин!”,- деп жазган. 

NazarNewsтун жалпы жамааты: Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости