www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы - алдыдагы парламенттик шайлоонун ачык, таза, калыс өтүүсү үчүн шайлоо тутумуна санариптик технологияларды киргизди. 

Шайлоого катышуу жана шайлоочулардын тизмесин түзүү биометрикалык каттоонун негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу tizme.gov.kg порталынан да маалымат алса болот. Шайлоо системасына киргизилген санарип технологиялар жана шайлоо моделдериндеги жетишкендиктер тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында айтып берди. Айтымында шайлоого байкоочулук кылуу үчүн жарандык көзөмөлдөгү 66 коомдук уюмдардан өкүлдөр катталган.

"Акыркы күндөрү БШКнын тобу көбүнчө калктын маалымдуулугун жана аларга жеткирилип жаткан маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат .Бул максатта көптөгөн веб-ресурстар иштелип чыкты.Алар аркылуу жарандар жана шайлоочулар шайлоого даярдыктар, добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу ачык маалымат алса болот",- деди БШКнын эксперти Улан Мурзаев. 

"Бул жылы өтө турган шайлдоонун өзгөчөлүгү пандемия шартына туура келип калгандыгы. Кыргызстан өлкөсүнүн шайлоо тилкелери планшеттер менен камсыздалгандыгы мени кубандырды",- деди КМШ миссиясынын штабынын жетекчиси Олег Кулеба.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости