www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда өткөн ай 60 кишинин катышуусу менен өткөн той коронавирусту чакырды. Учурда каза болгон 7 киши менен жуктуруп алган 170 кишинин оору себеби дал ушул тойго барып такалды.

Кытайда башталган вирус күн санап тынымсыз жайылууда. АКШнын Мэн штатында август айында 60 кишиге ылайыкталып өткөн той бир нече кишинин вирус жуктуруп эле эмес каза болуусуна себеп болду. Той болуп жатканда аралык сакталбай, бет кап колдонулбагандыгы билинди.

Коронавирустан каза болуп, жуктургандардын көптүгү боюнча АКШ дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда. Өлкөдө 6,8 млн киши вирус менен катталып, 201 миңден ашуун киши каза тапты.

Дүйнө боюнча 17-сентябрдагы маалыматка ылайык жалпы сан 30 милллиондон ашса, каза болгондордун саны 945 миңге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости