www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Долон ашуусундагы тилкесинде көмүр жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул туурасында аймактык кабарчыга Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБдан билдиришти.

Окуя кечээ, 17-сентябрь күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 288-чакырымында, тактап айтканда Долон ашуусунан түшүп бара жаткан «Вольво» унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып рулга ээ боло албай жолдун боюндагы авариялык съездге бурулган. Бул учурда айдоочу менен жүргүнчү унаадан секирип кетүүгө жетишишкен. Ал эми унаа авариялык съездге чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен секирип кеткен айдоочу менен жүргүнчү жеңил жаракаттарды алышкан.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, аталган унаа Кара-Кечеден келе жаткан. Айдоочу 1985-жылы туулган Р.Ж., ал эми жүргүнчү 1982-жылы туулган Т.Б. болгон.

Виедо Turmush басылмасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости