www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону утурлай шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси “Тизме" https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылды.
Тизме Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтардын негизинде президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлдү.
Шайлоочулардын биротоло тизмелери 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо тилкелеринде илинет.
Тизмеге 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди:
- эркектер – 2 млн 81 миң 514, же 48,47%;
- аялдар – 2 млн 212 миң 729, же 51,52%.
Жашы боюнча:
- 18 жаштагылар – 104 миң 693, же 2,44%:
- 19-35 жаштагылар – 1 млн 707 851, же 39,77%
- 36-45 жаштагылар – 923 миң 975, же 21,52%
- 46-55 жаштагылар – 650 миң 851, же 15,16%
- 56-65 жаштагылар – 528 миң 771, же 12,31%
- 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102, же 8,80%.
Шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- шайлоо тилкесине барып;
- “tizme.gov.kg” сайтында;
- же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо тилкесинин номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.