www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Үч шаардагы кайра шайлоого 48 миллион сом жумшалат

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 48 миллион 344 миң сом кетет. Борбордук шайлоо комиссиясы бул каражат шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен операторлордун кызматтык сапарларына жумшаларын билдирди.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Бул үч шаарда 11-апрелдеги шайлоого казынадан 38 миллион сом жумшалган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын үч чоң шаарына кайра шайлоону 11-июлга дайындады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости