www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүү тобу президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаровдун үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштоо планы коркутуулардан улам үзгүлтүккө учураганын айткан сөзү боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

17-декабрда бул тууралуу маалымат Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберилгенин Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттикке талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Коомдук теле-радио компаниясындагы түз эфирде өзүнүн тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айткан.

"Мен эл менен биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Тилекке каршы, мына ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага "бизде жаш азаматтар пайда болду, эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз" деп айтышты дешти мага", - деди КТРКнын түз эфиринде.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталган. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт.

Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыгууга акылуу.

16-декабрда президенттикке дагы бир талапкер, "Кой-Таш иши" боюнча үй камагындагы Равшан Жээнбековдун аймактарды кыдырышына сот уруксат берген эмес.

Президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости