www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда көп жылдан бери кулчулукта жүргөн кыргызстандык жаран тууралуу кабар келип түштү. Бул туралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, сүрөттөгү жаран Жалал-Абад облусунун тургуну 1963-жылы туулган. Аты-жөнү Шырапаалы Эргешов. Ал, учурда Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районундагы Баласагун айылында белгисиз жарандын үйүндө жүрөт.

Шырапаалы Эргешовду кыргызстандык жарандар ошол аймакка иштеп барганда, сүрөткө тартып алышкан.  

--“Ушул адам “Шырапаалы Эргешов, 1963-жылкымын Жалал-Абад облусунан болом, Өзүмдүн үй-бүлөм тирүү экенин дагы билишпейт” деп айтты. Учурда Казакстандын Кордай районун Баласагун айылында бир байдын үйүндө кулчулукта экен.  Айылдан алыс жайгашкан талаада бай адамдын фазендасында мал багып, кулчулукта иштеп жүрөт. Кыргыз жараныбыз экен, туугандарын жана жакындарын табышып койолу”,- деп кайрылган окурман.

Булак: NazarNews.kg

 

  

Последние новости