www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп таанылган талапкерлерге кайрылды.
БШКнын маалыматында белгиленгендей, шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
“Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңештин депутаты бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт.
“Эгерде шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты ушул конституциялык мыйзамга ылайык, кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, БШК шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана шайланды деп таанылган талапкерлерден өздөрүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга ырастаманы жана төш белгини тапшырат.