www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан" партиясы БШКга керектүү документтерди убагында тапшыра албай калгандыгы тууралуу социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, эл дүрбөлөңгө түштү. Эске салсак, жалпысынан, 44 саясий уюмдун 16сы гана парламенттик шайлоого катышууга документтерди тапшырган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоого катышуу үчүн керектүү документтерди убагында тапшыра алышкан жок. Бул тууралуу маалыматты “Вести.кж” жазып чыкты. "Кыргызстан" саясый партиясынын лидери Канат Исаев, "биз документтерди өз убагында тапшырдык, кандайдыр бир документтерден эле кичинекей ката кетип калды", деп билдирди. 

NazarNews маалымат агенттигине “БШК да аябай “интересный” иштер болуп жатат. “Кыргызстан” саясый партиясынын баардыгы БШКда жүрөт”, деди ишенимдүү булактар. Бүгүн, 24-августта парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерди берүү мөөнөтү бүгүн аяктады. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат жана жымжырттык күнү - 3-октябрда аяктайт.

Кумара Сагынбаева, NazarNews.kg

Последние новости